Online University - Главная
University of the Future!
Eng   Рус   KG
Support

Жетекчилик

Онлайн Университетинин Ректорунун кайрылуусу

Онлайн Университетке кош келиңиздер!

Кыргызстандагы жана Борбордук Азиядагы алгачкы Онлайн Университети таланттуу жана максат коё билген жаштарга онлайн режиминдеги ыңгайлуу окуу формасын сунуш кылат.

Онлайн-университет – бул Кыргызстандагы эң мыкты онлайн университеттердин бири. Ал – бир гана жаштарга эмес, өнүгүүнү каалаган жана кайсы аймакта, кандай шартта жашагандыгына карабастан жаңы мүмкүнчүлүктөргө жетүүгө, жогорку билим алууга умтулган бардык жарандарга мүмкүндүк түзүп берген инновациялык идея.

Онлайн университеттин профессордук-окутуучулук курамы Германия, АКШ, Канада, Австралия, Жаңы Зеландия, Жапония, Түштүк Корея, Түркия, Италия, Швейцария, Россия ж.б. сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдүн алдыңкы университеттеринин жана илимий изилдөө борборлорунун профессорлору менен изилдөөчүлөрүнөн турат.

Онлайн университеттин бардык курстары окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы тарабынан эл аралык стандарттарга шайкеш иштелип чыккан.

Мен Онлайн университеттин миссиясын жана максаттарын илгерилетүү, алдыга жылдыруу үчүн биз менен кызматташууга даяр ар бир жамаатка абдан кубанычта экенимди билдирем.

Онлайн университет 2020-2021-окуу жылында англис, орус жана кыргыз тилдеринде 10 магистрдик программа даярдап чыгарат.

Бул – онлайн форматында окутуу жүргүзгөн Кыргызстандагы пилоттук Онлайн университет.

Онлайн университет Кыргызстандагы жана Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү өзүнүн ийкемдүү, инновациялык окутуу ыкмаларына жана илимий изилдөө борборуна ээ алдыңкы университет болуп саналат.

Бул окуу жайдын ийкемдүү жана ыңгайлуу билим берүү тутуму студенттерге аралыктан окутуунун инновациялык программаларынын жардамы аркылуу окууну иш менен айкалыштырып, жогорку билимге ээ болууга эң мыкты мүмкүнчүлүк түзүп берет.

Ошондой эле Онлайн университет Кыргызстандын мектептеринин мугалимдери жана жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучулук курамы үчүн онлайн окутуу усулдары жана интернет ресурстар боюнча онлайн-курстарды өткөрөт. Биздин TechMUGALIM аттуу долбоорубуздун алкагында окутуунун онлайн платформасы жана жаңы технологиялардын жардамы менен сабактардын иштелмесин даярдоо боюнча мугалимдерге онлайн-тренингдер сунуш кылынууда.

Биз эл аралык стандарттарга ылайык илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, педагогикалык инновацияларды кеңири колдонуу жана дүйнөлүк коомчулуктар, жогорку окуу жайлар менен өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү аркылуу Кыргызстандагы жана Борбордук Азиядагы жогорку билим берүүнү жаңылоого жана өркүндөтүүгө өз салымыбызды кошууну каалайбыз!

Онлайн Университетке кош келиңиздер!

“Онлайн Университет – бул келечектин университети!”

Ректор тууралуу маалымат:

Онлайн Университеттин негиздөөчүсү жана ректору докт. Элира Турдубаева Борбордук Азиядагы массалык коммуникациялар багытындагы алдыңкы адистердин жана изилдөөчүлөрдүн бири болуп саналат.

Докт. Элира Турдубаева жетекчи катары азыркы заманбап дүйнөдө атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жана актуалдуулукту, ошондой эле туруктуу өнүгүүнү сактоодо маанилүү роль ойноп келе жаткан стратегиялык лидерликти карманат.

Докт. Элира Турдубаева жаш лидер катары билим берүү тармагында жетекчилик жана окутуучулук олуттуу тажрыйбага ээ.

Ал Кыргызстандагы Кыргыз-Түрк “Манас” университети сыяктуу алдыңкы университетте эмгектенип, Борбордук Азиядагы Америка университетинин журналистика жана массалык коммуникациялар кафедрасын жетектеген.

Докт. Элира Турдубаева эл аралык коомчулук менен тыгыз кызматташып, билим берүү жана медиа тармагында бир катар эл аралык долбоорлорду ишке ашырган. Азыркы учурда Борбордук Азия боюнча Коммуникаторлор Дүйнөлүк Ассоциациясынын вице президенти жана ошондой эле Кыргызстандагы Коммуникаторлор Ассоциациясынын вице- президенти катары иш алып барат.

Тел.: +996 (700) 093-097
Whatsapp: +996 (700) 093-097